Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыкта 5 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Такталган маалымат боюнча, Чүй облусунун Жайыл районунун Бишкек-Ош унаа жолунун 170-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) «Тайота Камри» менен «МАН» оор жүк ташуучу унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Кырсыктын кесепетинен «Тайота Камри» унаасында 5 адам (2 эркек, 2 аял, 1 бала) каза болгон.
Жерине ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунан 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.