Биз менен байланышыңыз

Жанар Акаев: Чек арадагы элге курал берүүнүн кооптуу жагдайлары бар

Кыска кабар , Пикирлер | 26 мая 2021 | 366 | 0

Чек арадагы элге курал берүүнүн кооптуу жагдайлары дагы болуп жатат. Бул тууралуу ЖК депутаты Жанар Акаев “Маралга” берген маегинде билдирди.

«Жөнөкөй жарандар коңшулар менен майда, турмуштук чыр-чатактар болсо деле, чек ара заставасына чуркап барып, курал сурап, «паника» кылып башташабы деген кооптонуулар бар. Бирок ушул мыйзам долбоорун парламентте талкуулаганда, Чек ара кызматына сөзсүз өтө катуу эскертүү берилет. Курал чет өлкөдөн агрессия, күтүүсүз кол салуу болгон учурда гана берилиши керек», — дейт Жанар Акаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM