Биз менен байланышыңыз

Мамлекет убада кылган арзан турак жай программасы

Экономика | 25 мая 2021 | 7380 | 1

Мамлекеттик ипотекалык компания насыя алуунун жолдорун жеңилдетти.

Перизат Токтобаева Бишкек шаарынын тургуну. Ал жеке менчик компанияда иштегендиктен мамлекеттик ипотекалык насыяны пайдалана албай келген.

— Биз да үй-бүлөбүз менен мамлекет берип жаткан ипотекалык насыя алууну, үй-жай салууну самап келебиз. Бирок менчик тармакта иштейбиз. Анын үстүнө документ тапшыруу жол-жобосун да жөнөкөйлөштүрсө жакшы болмок. Жолдошумдун документтери даяр боло электе меники даяр болсо, акчасын төлөй бергидей кылышса болмок. Андан тышкары биз сыяктуу орто жашаган үй-бүлөлөрдүн шартына жараша пайыздык чендер да төмөндөтүлсө ыңгайлуу болмок.

Учурда көпчүлүк кыргызстандыктын тилеги ушундай. Себеби 2015-жылы кабыл алынган «Арзан турак жай-2015-2020» программасында пайыздык чендер жогору болуп, бюджеттик негизде иштегендерге гана берилчү.

Эми мамлекеттик ипотекалык компания «Менин үйүм-2021-2026» деп аталган жаңы программа сунуштап жатат. Анын алкагында 25 жылга 4 пайыздык үстөк менен насыя алса болот.

— арыз-документтер жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан кабыл алынып келген болсо, эми жарандар электрондук түрдө да бере алат;

— насыянын чени мурун 6-8% болсо, эми 4%га түшүрүлдү;

— мурда насыянын мөөнөтү 15 жылга чейин болсо, эми 25 жылга чейин узартылды;

— насыянын максималдуу суммасы 3 млн сом болуп келген, мындан ары 4 миллионго жогорулатылды;

— батирлердин чарчы метрине чектөө болгон болсо, эми чектөө алып салынды;

— мурун пилоттук негизде курулуш жүргүзүлгөн болсо, мындан ары курулуш аймактарда массалык түрдө жүргүзүлөт;

— ипотекалык насыяны бюджеттик мекемелерде иштегендер гана ала алса, эми бардык жарандар пайдалана алат;

— каржылоо мурун 3 млрд 300 млн сомдун тегерегинде каралса, мындан кийин 30 млрд сом бөлүү пландалууда;

— каржылоо үчүн республикалык бюджет негизги ролдо болуп келсе, эми эл аралык донорлор, инвесторлор катыша алат жана баалуу кагаздарды чыгаруу, турак жай фондун түзүү пландалууда.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрага орун басары Урматбек Кокочаров «Менин үйүм» жаңы программасынын алкагында курулуш иштери качан башталарын айтты.

— Жаңы программага ылайык, ипотекалык насыялоо калк үчүн бир топ жеткиликтүү болот. Бул үчүн атайын механизмдер иштелип чыгып, каражат да каралган. Ал программаны ишке ашыруу максатында жакынкы 5-6 жылда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак жай фондун өнүктүрүүгө 30 млрд сом тартылып, болжол менен 800 миң чарчы метр турак үй курулат. Учурда программа тиешелүү министрликтер менен макулдашылып бүттү, август айынан баштап иштей баштайт. Пайыздык чен жылдык 4%га чейин төмөндөтүлөт. Ошондой эле мурда алынган ипотекалык насыялардын да пайыздык ченин 4%га түшүрүү каралып жатат. Ижара жана ипотека насыянын мөөнөтү 25 жылга чейин узартылат.

Насыялоонун жаңы этабында өлкө аймактарына басым жасалып, жаңы үйлөр курулуп баштайт. Үй куруунун эсебинен курулуш компаниялары, бул тармакта иштегендер да пайда көрөт. Экономика жана финансы министрлиги бул долбоорду колдоп, шарт түзүп берүүдө. Министрликтин башкармалыгынын башчысы Нурлан Байбосуновдун айтымында, насыяны мурда 6 пайыз менен алгандардын да калган суммасынын үстөгүн 4 пайызга түшүрүү мүмкүнчүлүгү каралууда.

— Аймактарга курулуштарды салып, элди ошол жакта алып калууга басым жасалат, аймактардагы курулуш тармагын өнүктүрүүгө көңүл бурулат. Дүйнөлүк практикада да ипотекалык насыя 6-4 пайыздын тегерегинде берилет. Биздин мамлекет да ушул деңгээлге жете алды. Этап-этабы менен пайыздык ченди 4 пайызга түшүрөбүз. Жаңы үйлөр курулуп, үйлөрдү сатып алууга мүмкүнчүлүк болот.

Анткен менен Кыргызстанда 10 миңге жакын адам мамлекеттик ипотекалык насыя алууга кезекте турат. Буга чейинки программа алкагында 5 миңден ашык адам мамлекеттик ипотекалык насыя алган.

Андан тышкары жеке банктардан ипотекалык насыя алып, төлөй албай калгандар да жок эмес. Алар насыяны жогорку пайыз менен коммерциялык банктардан алышкан. Мамлекеттик ипотекалык компания жарандарды насыя алууда жеке банктардан эмес, мамлекеттик банктан алуу пайдалуу экенин эскертет. Анткени Ипотекалык компания жыл сайын жеңилдиктерди киргизет. Жакынкы убакта насыя сом менен да берилип баштайт. Буга чейинки программанын алкагында 1 миң адамдын ипотекалык насыясын төлөө мөөнөтү узартылган.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Аида Төлөгөнова насыясын төлөй албай калган ар бир жаранга өзүнчө мамиле болорун айтууда.

— Жогорку пайыз менен жеке банктардан насыя алгандардын маселесин чечүүдө банктар менен сүйлөшүүлөр жүрөт. Андан тышкары жарандар насыяны алган банктарга да, бизге да кайрылышат. Компаниядагы комиссия алардын ар биринин арызын карап чыгат. Мисалы, канча төлөм жүргүздү, канча жеңилдик алды же канча сумманы төлөй албай калганын аныктап, анан чечим чыгарабыз. Бул мурунку берилген кредиттер боюнча. Ал эми жаңы программа алкагында насыяны Мамлекеттик ипотекалык компаниядан алышат.

Кыргызстанда 30 жылдан бери коммерциялык банктар да ишмердигин жүргүзүп келет. Аларда да ипотекалык насыя берүү кызматы бар. Бүгүнкү күндө алардын пайыздык чени орто эсеп менен жылдык 16-17-18 пайызды түзөт. Ушундай шартта насыя алгандар төлөй албай калган учурлар болгон. Алар жеңилдетүү берүүнү суранып, митингге да чыгышкан.

Мамлекеттик ипотекалык компания жаңы программанын кийинки этаптарында үйү бар жарандардын балдары үчүн да ипотека алуусуна шарт түзөт.

1 пикир

1 пикир

  1. Зина Байгазиева

    26.05.2021 19:03

    Саламатсыздар!Сиздин 4% пайыздык ипотека боюнча каралган маалыматынызга ыраазычылык билдиребиз.Биз Нарын шаарынанбыз Ипотеканы кандай оформить этсек.
    Ал боюнча кандайи иш аракетти кылсак болот.0703 28 77 72.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM