Биз менен байланышыңыз

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолундагы кырсыктан бир адам каза тапты (видео)

Кыска кабар | 25 мая 2021 | 546 | 0

Бүгүн, 25-майда таңкы саат 6 чамасында Ысык-Ата районунда унаа кырсыкка учурап, айдоочусу каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 49-чакырымында Ысык-Ата районунун тушунан «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаа жолдон оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1998-жылы туулган айдоочусу каза тапкан.

ӨКМдин куткаруучулары маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөзүп беришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM