Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик ипотеканы бардык жарандар пайдалана алат

Кыска кабар | 25 мая 2021 | 1444 | 0

«Менин үйүм-2021-2026» мамлекеттик турак жай программасына эми бардык жарандар катыша алат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрага орун басары Урматбек Кокочаров айтты.

«Мамлекеттик турак-жай программасына буга чейин негизинен бюджеттик мекемелердин кызматкерлери катышса, мындан ары каржылоо механизмдери өлкөнүн бардык жарандарына бирдей шартта жеткиликтүү болот», — деди ал.

Негизги басым Бишкек жана Ош шаарларына гана эмес, аймактарга жасалат. Программа тиешелүү министрликтер менен макулдашылып бүттү, август айынан баштап иштей баштайт.

Пайыздык чен жылдык 4%га чейин төмөндөтүлөт. Ошондой эле мурда алынган ипотекалык насыялардын да пайыздык чени 4%га чейин түшүрүү каралып жатат. Ижара жана ипотека насыянын мөөнөтү 25 жылга чейин узартылат.

Ипотекалык насыяны 4% менен алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү

Кыргызстанда 9,5 миңден ашык адам ипотекалык насыя алууга кезекте турат

Copyright © 2017 Maral FM