Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 9,5 миңден ашык адам ипотекалык насыя алууга кезекте турат

Кыска кабар | 25 мая 2021 | 589 | 0

Кыргызстанда 9,5 миңден ашык адам мамлекеттик ипотекалык насыя алууга кезекте турат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрага орун басары Урматбек Кокочаров басма сөз жыйында айтты.

Буга чейинки программа алкагында 5 миңден ашык адам мамлекеттик ипотекалык насыя алды. Анын ичинде жеке банктардан насыя алгандар төлөй албай калган учурлар болгон. Себеби жогорку пайыздар менен коммерциялык банктардан алышкан. Алар жаңы программага катыша албайт.

Мамлекеттик ипотекалык компания жарандарды насыя алууда жеке банктардан эмес, мамлекеттик банктан алуу пайдалуу экенин эскертет. Анткени Ипотекалык компания жыл сайын жеңилдиктерди киргизет. Жакынкы убакта насыя сом менен да бериле баштайт.

Буга чейинки программа алкагында 1 миң адамдын ипотекалык кредитин төлөө мөөнөтү узартылган.

«Менин үйүм-2021-2026» жаңы программасы аркылуу Бишкек шаарында август айынан тарта үй курула баштайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM