Биз менен байланышыңыз

Ипотекалык насыяны 4% менен алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү

Кыска кабар | 25 мая 2021 | 3828 | 4
Сүрөт: Бахар Хакимова

Мамлекеттик ипотекалык компания жаңы турак-жай программасын сунуштады. 25-майда программанын бет ачары болду.

Программанын негизги багыттары: 

-пайыздык ченди 4 пайызга чейин төмөндөтүү — насыянын жеткиликтүүлүгү көбөйөт, ижарага механизмдери да каралат;

-баалуу кагаздарды чыгаруу аркылуу ипотекалык насыялоо тармагына каражат тартуу;

-өлкө жарандарын үй менен камсыз кылуу үчүн өздүк турак-жай фондун түзүү;

-акча тартууда эл аралык донорлор менен иштешүү.

Жакынкы 5-6 жылда компаниянын турак-жай фондун өнүктүрүүгө 30 млрд сом тартылып, болжол менен 800 миң чарчы метр турак үй курулат.

Август айында Бишкекте жаңы үйдүн курулушу башталат, жер бөлүнгөн.

Программа кабыл алынгандан кийин өнөктөш банктар менен кызматташуу шарттары кайра каралып чыгат.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Аида Төлөгөнованын маалыматына караганда, мурда алынган ипотекалык насыялардын да пайыздык үстөгү 4 пайызга төмөндөтүлүшү мүмкүн. Учурда банктар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Ошондой эле быйыл куздон тарта ипотекалык насыя сом менен бериле баштайт.

Ижара жана насыянын мөөнөтү 25 жылга чейин узартылат.

Мындан тышкары, Исламдык принциптер боюнча каржылоонун альтернативдүү механизмдери киргизилет. Бул туурасында Арап өлкөлөрүнүн банктары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

4 пикир

4 пикир

  1. Алтынай

    25.05.2021 16:15

    Ипотекалык насияны кайсыл банктардан алсак болот

  2. Дамира

    26.05.2021 12:00

    Кезеке туруш керекпи

    • Анара.

      29.05.2021 02:59

      Кайсыл банктан алсак болот Настя.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM