Биз менен байланышыңыз

Сауд Аравия быйылкы ажылыкты аткаруу эрежелерин жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 24 мая 2021 | 1325 | 1

Сауд Аравия быйылкы ажылык ибадатын  аткаруу үчүн 60 миң гана адам кабыл алат. Анын 45 миңи тышкы өлкөлөрдөн келсе, 15 миңи жергиликтүү эл болууга тийиш.

17-июлдан 22-июлга чейин аткарылары белгиленген ажылыктын жөрөлгөлөрү COVID-19 пандемиясынан улам өзгөрүүлөргө учурады.

Ажылыкка келе тургандар 18-60 жаш аралыгындагы ден соолугу чың, күчтүү-кубаттуу болууга тийиш. Ошол эле учурда акыркы алты айда ооруканага жатпаганын, кандайдыр бир оору себебинен дарыланбаганын тастыктаган маалымкат талап кылынат.

Мындан тышкары COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 13-майга чейин, экинчи дозасын ажылыкка келерден 14 күн мурун алуусу керек. Эскерте кетчү жагдай, алынган вакцина Сауд Аравия Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан да таанылган, уруксат берилген болууга тийиш.

Ажылык үчүн Сауд Аравияга келгендердин жүктөрүн атайын кызматкерлер дезинфекциялоодон өткөрөт, өздөрү үч күн карантинге жаткырылат. Андан соң аралыкты сактоо, беткап тагынуу сыяктуу вирустан коргонуу эрежелери тыкыр көзөмөлдөнүп, зыяратчылар убактылуу конгон жерлеринде ПЧР-тест тапшырат.

Ажылык ибадаттарын аткаруу чаралары күн мурун SMS аркылуу маалымдалып, атайын унаа каражаттары уюштурулуп берилет. Унааларда да аралыкты сактоо катуу көзөмөлдөнүп, ар бир адамга орундуктун номерлери берилет. Туруп барууга тыюу салынат.

Мейманканаларда, тамактануучу жайларда адамдын көп чогулбоосу үчүн тамак-ашты ар ким өз бөлмөсүнөн ичүү талап кылынып, бул үчүн атайын кызматтар да уюштурулат. Ошол эле учурда үй-бүлөсү менен бирге турууга уруксат берилет.

Шайтанга таш атууда атайын дезинфекциялык каражаттар менен тазаланган баштыкчадагы таштар таратылып, таш атуу аймагына кезек-кезеги менен 50дөн гана адамды киргизип турат. Андан тышкары Каабаны айланууда эки метр аралык сакталуусу  зарыл.

1 пикир

1 пикир

  1. Салияхан

    27.05.2021 09:02

    Аллах ыраазы болсун маалымат жеткирген үчүн

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM