Биз менен байланышыңыз

Баткен облусунда «Акыркы коңгуроо» салтанаты онлайн өтөт

Кыска кабар | 24 мая 2021 | 396 | 0

Эртең, 25-майда Баткен облусундагы мектептерде «Акыркы коңгуроо» салтанаты онлайн өтөт. Бул тууралуу облустук жетекчиликтин маалымат кызматы билдирди.

Чечим COVID-19 боюнча республикалык ыкчам штабдын жана Билим берүү жана илим министрлигинин көрсөтмөсүнүн негизинде кабыл алынган.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаевдин буйругуна ылайык, 25-майда облустагы коомдук-саясий абал, тартип милиция кызматкерлеринин тыкыр көзөмөлүндө болот.

«Бүтүрүүчү — 2021» онлайн иш-чарасы эртең саат 10:00дө ЭЛТР МТРКсынын «Илим-билим» каналы аркылуу өткөрүлөт.

Айта кетсек, «Акыркы коңгуроо» салтанатын Ош облусу онлайн, ал эми Бишкек шаары салттуу тартипте өткөрө турганы буга чейин айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM