Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда соода жүгүртүү азайып кеткен

Кыска кабар | 23 мая 2021 | 362 | 0

Кыргызстан менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 2021-жылдын январь-март айларында 674 млн АКШ долларын түздү. Бул — 2020-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 5,3% га төмөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Ошол эле учурда, ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттук берүүлөр 10,2%га көбөйүп, 161,3 миллион долларды түзгөн. Бул текстиль кийимдери менен камсыздоонун 1,5 эсеге, бут кийим менен камсыздоонун 27,3%га көбөйүшүнө байланыштуу. Ошондой эле сүт жана сүт азыктары менен камсыздоонун 1,6 эсе, нан жана ун азыктарынын 2,7 эсе көбөйтүшүнө байланыштуу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM