Биз менен байланышыңыз

Өлкө боюнча 71 миңден ашуун адам коронавируска каршы эмделди

Кыска кабар | 23 мая 2021 | 295 | 0

Кыргызстанда акыркы суткада 2 миң 275 адам коронавируска каршы эмделди. Мунун ичинен 680 адам вакцинанын экинчи дозасын алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми бүгүнкүгө чейин өлкөдө жалпы 71 миң 774 адам коронавируска каршы вакцина сайдырды. Алардын ичинен 22 миң 520 адам экинчи дозасын алды.

Эскерте кетсек, 29-мартта өлкөдө Кытайдан келген «SinoPfarm» вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталган. Биринчилерден болуп Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделген.

Андан соң 22-апрелде Кыргызстанга Орусияда өндүрүлгөн «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы келген. Аны адегенде Кыргыз Республикасынын Баатыры, эмгек сиңирген дарыгер, хирург Мамбет Мамакеев алган.

Орусиялык «Спутник V» вакцинасын 65 жаштан жогору курактагылар алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM