Биз менен байланышыңыз

Вакцина боюнча кызматтан кеткен Галбаевдин ордуна Аралбаева дайындалды

Кыска кабар | 23 мая 2021 | 382 | 0

Алтынкыз Аралбаева Бишкек шаарынын Ленин районундагы №1 Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу  Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтына жарыяланды.

Аралбаева буга чейин Ысык-Ата аймактык ооруканасында иштеген.

Дарыгерлер анын кызматка келишине каршы митингге чыгышты. Алар мурдагы директор Нурлан Галбаевдин кайра келүүсүн талап кылышууда.

Ал эми бул маселе боюнча Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев комментарий берип жатып, кабыл алган чечимин өзгөртпөгөнүн белгиледи.

«Мага митингден видео жөнөтүштү. Ал жерде медайымдар, санитаркалар гана бар. Эгерде дарыгерлер болгондо, алар санитардык талаптарды аткарышмак: беткап, антисептик, аралыкты сакташмак. Галбаевди мен мыйзамсыз жумуштан алсам, анда күнөөмдү сотто далилдесин», — деди Бейшеналиев.

Эске салсак, Бишкек шаарынын №2 Үй-бүлөлүк медицина борборундагы муздаткычы өчүп калып, «Спутник V» вакцинасынын миңге жакын дозасы жарабай калган. Буга байланыштуу Ленин районундагы №1 Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбордун директору Нурлан Галбаев жана №2 оорукананын башкы дарыгери Жыргал Касымалиева кызматынан бошотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM