Биз менен байланышыңыз

Муфтийдин милдетин аткаруучу Орусияга иш сапар менен барды

Кыска кабар | 23 мая 2021 | 278 | 0

Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Москва шаарына жасаган иш сапарынын алкагында Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев менен жолугушту. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Орусиядагы өкүл «Өмүрдүн баалуулугу» аттуу мавлид кечесине көрүлүп жаткан даярдыктар боюнча маалымат берди.

«Чындыгында Орусиядагы өкүлчүлүк Дин башкармалыктар ортосунда алаканы бекемдөө менен бирге, окуп, иштеп жаткан мекендештерге туура диний багытты жеткирүүдө өзгөчө роль аткарат. Себеби жарандарыбыз ар кандай терс агымдарга кирип кетпөөсү керек. Муну менен катар мекендештерибизге үй-бүлө, тарбия, адеп-ахлак, соода-сатык маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп турушу керек», — деди Шергазыев.

Ал эми муфтияттын Орусиядагы өкүлү кайрымдуу жарандардын колдоосу жана демөөрчүлүгү менен бир топ иштер алдыга жылып, атайын окуу курстары, түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын маалымдады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM