Биз менен байланышыңыз

Кытайда 21 марафончу добул уруп каза тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 23 мая 2021 | 958 | 1

Кытайдын Гансу провинциясында аба ырайынын кесепетинен 100 км аралык боюнча марафонго катышкан 21 жөө күлүк каза болду. Бул тууралуу «Синьхуа» басылмасы жазды.

Маалым болгондой, марафон өтүп жаткан маалда аба ырайы кескин өзгөрүп, бороон башталып, мөндүр жаап кирген. Мунун кесепетинен 172 жөө күлүктүн 21 каза таап, 8и ар кандай жаракат алган, бир нече катышуучу жолдон адашып, жоголуп кеткен.

Мындан улам марафон дароо токтотулуп, жеринде куткаруу иштери жүргүзүлгөн. Учурда каза тапкан 21 адамдан башкасы толук табылып, айрымдарына медициналык жардам көрсөтүлгөнү, айрымдары ооруканага жаткырылганы кабарланды.

1 пикир

1 пикир

  1. Баяс

    23.05.2021 21:22

    Каза болгон 21 адамдын арасында 26 жаштагы бир этникалык кыргыз жигити да бар.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM