Биз менен байланышыңыз

Кытай илимпоздору: Экинчи пандемия куш ылаңынын жаңы штаммынан болушу мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 23 мая 2021 | 1102 | 0

Кытай илимпоздору Вэйфенг Ши жана Жорж Гао, ошондой эле Кытайдын бир нече илимий мекемелери жаңы пандемия боюнча эскертүү таратты. Бул тууралуу «Medical Xpress» порталы жарыялады.

Алар «H5-N8» куш ылаңы вирусунун жаңы штаммы дагы бир пандемиянын чыгуу коркунучун туудурушу мүмкүн экенин айтышууда.

Куш ылаңы биринчи жолу 2010-жылы Кытайда өрдөктөн аныкталган. 2014-жылы Жапонияда жана Түштүк Кореяда үй канаттуулары жана жапан куштардан байкалган, ал эми 2016-жылы Индия, Орусия, Монголия, АКШ жана Европанын айрым бөлүктөрүнө тарап баштаган.

Кытай илимпоздорунун айтымында, 2020-жылы куш ылаңы 46 мамлекетте бар экени белгилүү болгон. Бул вирустун тездик менен дароо тарап кетишине өбөлгө түзөт.

Ошондой эле изилдөөчүлөр «H5N8» өтө патогендүү экенин белгилешип, мунун алдын алуунун жолу катары канаттуу фермаларын, жапан куштар көп байырлаган жерлерди, канаттуу саткан базарларды кыраакылык менен көзөмөлдөөнү, инфекцияга каршы стандарттуу чараларды көрүүнү сунушташат.

Copyright © 2017 Maral FM