Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Өлкөдө кырдаал кооптуу чекте. Министрликтерге тапшырмалар берилди

Кыска кабар | 23 мая 2021 | 795 | 0

Республикалык ыкчам штаб мамлекеттик органдарга коронавирус инфекциясы боюнча кырдаалдын начарлашына байланыштуу ыкчам даярдыктарды күчөтүүнү тапшырды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине үч күндүн ичинде карантиндик зоналардын толук кандуу иштешин камсыз кылуу үчүн керектүү жабдууларды жеткирүү, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине калктын максаттуу топторун эмдөөнү уюштуруу үчүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүү, Экономика жана финансы министрлигине өлкөнүн саламаттыкты сактоо уюмдарынын кредитордук карыздары боюнча маселени тезинен чечүү тапшырылды.

Ошондой эле Министрлер кабинетинин аймактардагы өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине тез арада толук кандуу көңүл буруп, эпидемиялык кырдаал боюнча чечимдерди кабыл алууга, коомдук жайларда, ишканаларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө буйрук берилди.  Ага ылайык, жергиликтүү бийлик эл көп чогулган жерлерде, балдар аянтчаларында, коомдук транспорттордо санитардык талаптардын сакталышын камсыздап, керек болсо Ички иштер министрлигинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерин рейдге тартуусу керек.

Copyright © 2017 Maral FM