Биз менен байланышыңыз

Жогорку окуу жайлар үчүн жаңы формат иштелип чыкты

Кыска кабар | 23 мая 2021 | 342 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги 2021-2023-жылдар аралыгында жогорку окуу жайлардагы билим берүүнү «Университет-4.0» моделине трансформациялоо программасын иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, программанын максаты ар түрдүү изилдөөлөр жана чыгармачыл долбоорлор, инновацияларды жаратуу үчүн эркин мейкиндик, технологиялык жетишкендиктер жана алдыңкы бизнес-идеяларды генерациялоо үчүн көп тараптуу платформалар менен жаңы форматтагы университеттик экосистеманы түзүү, ошондой эле рыноктун талаптарына жооп берген билим берүү программаларын, илимий изилдөөлөрдү башкаруунун рационалдуу системасын иштеп чыгуу болуп саналат.

Университеттин жаңы форматы окуп жаткандар үчүн да, профессордук-окутуучулар курамы, окумуштуулар үчүн да таланттарды тандап алуу, өнүктүрүү жана шыктандыруунун жогорку эффективдүү системасын камтыйт. Ошондой эле таланттуу жана алдыга умтулган жаштарды, анын ичинде чет өлкөлүк абитуриенттерди кызыктырууга, ЖОЖдорго келечектүү жана жаш кызматкерлерди тартып келүүгө, илимий кызматкерлердин ийгилигин арттырууга багытталган.

Ошондой эле бул программа республикалык жана эл аралык рейтингдерде университеттерди алдыга жылдырууну, университеттин позитивдүү имиджин калыптандырууну көздөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM