Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирустан сегиз бейтап каза болду

Кыска кабар | 23 мая 2021 | 325 | 0

Кыргызстанда бүгүн, 23-майга карата дагы 325 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Аймактар боюнча алганда, Бишкек шаарында – 262, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 19, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 18, Жалал-Абад облусунда – 1, Ош облусунда – 9 адамдан вирус табылган.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде Бишкек шаарынан – 240, Ош шаарынан – 7, Чүй облусунан – 70, Ош облусунан – 14, Нарын облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 16, Жалал-Абад облусунан – 11, Баткен облусунан – 6 адам, жалпы 365 бейтап сакайып чыкты.

Ал эми акыркы суткада Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 1, жалпы 8 адам коронавирустан көз жумду.

Пандемия башталгандан бери 102 миң 511 адамга коронавируска чалдыгып, анын ичинен 95 миң 811 бейтап айыгып, 1 миң 751 адам каза тапты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM