Биз менен байланышыңыз

Орусия мыйзамсыз мигранттарга карата тартипти жумшартты

Дүйнө , Кыска кабар | 22 мая 2021 | 2607 | 0

Орусияда калууга укугу жок, бирок, обочолонуу режиминен улам, өлкөдө калууга аргасыз болгон мигранттар үчүн атайын укуктук режим киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда ТАСС агенттиги Орусиянын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен билдирди.

Жаңы тартип Орусиянын аймагында мыйзамдуу жүрүүгө негизи жок, бирок тигил же бул себептерден улам калууга аргасыз болгон мигранттарга карата  чыгарылды.

Ички иштер министрлиги жаңы социалдык-укуктук режим мисалы, Орусияга кирүүсү чектелген, бирок аларга карата чыгарылган чечимдердин аткарылышы токтотулган же өкүмдөрдү аткаруу зарылдыгына байланыштуу сот процесстерине катышуусу керек болгон мигранттарга карата колдонула тургандыгын да билдирген.

Бул режимди «социалдык коркунучтуу жугуштуу оорулардан» жабыркаган мигранттарга карата колдонуу маселеси дагы каралып жатат.

20-майда Ички иштер министрлигининин чечимине ылайык, эгер мыйзамсыз мигранттар пандемия шартынада транспорттук байланыш үзгүлтүккө учурап, өз өлкөсүнө кайтып келе албаган учурда Орусиянын аймагында жүрүү убактысы 90 күнгө чейин узартылышы мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM