Биз менен байланышыңыз

Япония: дыйкан,фермерлерге чет жактан келгендер менен бирге тамактанбоо кеңеши берилди

Дүйнө , Кыска кабар | 22 мая 2021 | 602 | 0

Япониянын Ибараки аймагындагы ден-соолук борбору  атайын коронавируска каршы профилактикалык чараларды көрүү боюнча, чет элдик жумушчуларды иштеткен жергиликтүү дыйкан, фермерлерге  алар менен чогу бир жерде тамактанууга тыюу салды.  Мындай маалыматты NHK жалпыга маалымдоо каражаты тараткан.

Илдеттин булагы чет жерден ташылып келиши мүмкүн, анүстүнө коронавирусту жуктуруп алуу учурлары ыкчам болууда. Андыктан  дыйкан, фермерлерге «чет элдик жарандар менен сүйлөшүүдө беткап кийип жүрүүсү, социалдык аралыкты сакташы жана алар менен менен чогу тамактанбоосу керек деген сунуш ден-соолук борбору тарабынан киргизилген.

Бирок, арадан 2 күн өтпөй мэрияга мындай сунуштар канчалык мыйзамдуу деген суроолор келип түшкөн. Натыйжада дыйкан, фермерлерге сунуш катары жиберилген кат кайтарылып алынган. Борбордун өкүлдөрү эч кимдин улуттук сезимин бузгусу келбегенин жана басмырлоо аракети көрүлбөгөнүн билдирип,  кечирим сураган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM