Биз менен байланышыңыз

«Кытай − Кыргызстан − Өзбекстан темир жолу — ишкерлердин тилеги»

Кыска кабар , Пикирлер | 21 мая 2021 | 1900 | 1

Кытай − Кыргызстан − Өзбекстан темир жолунун курулушу — кыргыз ишкерлеринин чоң мүдөөсү. Мындай пикирин жеке ишкер Токтобек Акматов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары Кытайдан темир жол аркылуу жүк ташыган кыргыз ишкерлерине Казакстан тараптан көп тоскоолдуктар болуп жатат. Тактап айтканда, коңшу мамлекет жүктү негизсиз текшерүүнү көбөйттү.

«Казакстанга да, Кыргызстанга да бир эле убакта жүктөрдү жөнөтсөк, Казакстанга бараткан жүк текшерүүсүз өтөт. Кыргызстанга бараткан жүк текшерүүгө коюлат. Аны түшүрүп, ичин ачып «шегибиз бар», «бир нерсе туура эмес» дешет. Андай болсо, өздөрүнө бараткан жүктү да ошондой текшериши керек да?! Кыргызстан − Кытай − Өзбекстан темир жолу курулуп калса, бизге өтө чоң жардам болмок. Бул долбоор деңизге жол ачмак, Европага да чыкмакпыз», — дейт ишкер.

1 пикир

1 пикир

  1. Мартбек

    22.05.2021 01:18

    Токтобек Акматов Сизге бир суроо:
    — жогоруда айтылган темир жол курулса, Кыргызстанга бюджетке канча пайда түшөт жана кандай пайдалуу жактары бар? Сиздин ишиңизге ийгилик каалайм, бизге сиздей кадрлар аябай керек, бүгүнкү өткөөл мезгилде.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM