Биз менен байланышыңыз

«Быйыл пандемиядан улам жер семирткичтердин баасы кымбат болду»

Кыска кабар , Пикирлер | 20 мая 2021 | 524 | 0

Быйыл пандемиядан улам жер семирткичтердин баасы кымбат болду. Бул туурасында Өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментинин фитосанитардык коопсуздук бөлүмүнүн башчысынын орун басары Туратбек Идрисов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, быйыл азоттук жер семирткичтер кампадан дүңүнөн алып кеткендер үчүн 24-25 сомдун тегерегинде болуп жатат. Ал алып сатарлар аркылуу аймактарга жеткиче, дагы баа кошулат. Калий, фосфордук жер семирткичтердин килограммы 40 сомдон болуп атат. Салыштыруу үчүн айта кетсек, мурда алар 18 сомдон сатылчу.

«Кыргызстанда дыйкандар жер семирткичтин ушул 3 түрүн колдонот. Өлкөдөгү муктаждыктарды жабуу үчүн 267 миң тонна жер семирткич талап кылынат. Аларды Орусиядан, Казакстан, Өзбекстандан ташып келебиз. Пандемиядан улам былтыр көп заводдор иштебей туруп калып, быйыл иштеп баштаганда суроо-талап көп болгондуктан, баалар өсүп кетти», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM