Биз менен байланышыңыз

Санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев пара алып кармалды

Кыска кабар | 20 мая 2021 | 669 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев ири өлчөмдө пара алып жатып кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, УКМК «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке ашырып жаткан чет өлкөлүк компаниянын өкүлүнүн арызынын негизинде сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган. Арызда бул долбоорду ишке ашыруу мөөнөтүнө байланышкан келишимди узартуу маселесин чечүү үчүн чоң суммадагы акча талап кылынганы айтылган.

Азамат Дыйканбаев бүгүн убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Баш коргоо чарасын Биринчи май райондук соту карайт.

Copyright © 2017 Maral FM