Биз менен байланышыңыз

Артём Новиковдун ордуна Айбек Жунушалиев дайындалды

Кыска кабар | 20 мая 2021 | 461 | 0

Айбек Жунушалиев Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Айбек Жунушалиев буга чейин Өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеген.

Министрлер кабинетинин төрагасынын буга чейинки биринчи орун басары Артем Новиков Президенттин дагы бир жарлыгы менен Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы кызматына которулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM