Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаардык ИИББнин башчысы кызматка толук бекиди

Кыска кабар | 20 мая 2021 | 486 | 0

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Бишкек шаардык Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын өздүк курамына башкармалыктын башчысы, милициянын полковниги Азамат Ногойбаевди жана анын орун басары, милициянын полковниги Тилек Түкөбаевди, ошондой эле Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамына жаңы жетекчиси, милициянын полковниги Азамат Байгазиевди тааныштырды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 7-апрелинде Бишкектен уурдалган 27 жаштагы Айзада Канатбекованын сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада унаадан табылган. Ала качууга шектелген Замирбек Теңизбаев кызды муунтуп өлтүрүп, өзүнө бычак сайып каза болгон.

Аталган иш боюнча Башкы прокуратура бир катар милиция кызматкерлерине да иш козгоп, Ички иштер министри Улан Ниязбеков 9-апрелдеги буйругу менен Бишкек ШИИББнин башчысы баштаган бир катар жетекчилерди, кызматкерлерди иштен бошотуп, айрым жетекчилерге, кызматкерлерге административдик жаза берген. Жалпысынан 44 кызматкер тартип жазаларына кириптер болгон.

Министрдин дагы бир буйругу менен Азамат Ногойбаев ошол эле күнү Бишкек ШИИББнин жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM