Биз менен байланышыңыз

Министр Казакбаев Орусия менен темир жол жана унаа каттамдарын жандантууну сүйлөштү

Кыска кабар | 20 мая 2021 | 411 | 0

Кечээ, 19-майда ЖККУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлери кеңешинин кезектеги отурумунун алкагында Кыргызстан менен Орусиянын Тышкы иштер министрлери Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында жолукту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Министр Руслан Казакбаев кесиптеши Сергей Лавров менен алдыдагы тышкы саясий иш-чараларды, буга чейин жетишилген келишимдердин аткарылышын талкуулады. Ошондой эле аймактагы кырдаал боюнча пикир алмашышты.

​Мындан тышкары тараптар Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда буга чейин каттаган темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу жана унаа кыймылын толук кандуу жандандыруу маселелерин талкуулашты.

Сергей Лавров ​кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча кыргыз тараптын иш-аракетин кубаттады жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү процессин улантуунун зарылдыгын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM