Биз менен байланышыңыз

Дыйканов: Баткендин жетекчисине «вице-премьер-министр» макамын берүү керек

Кыска кабар | 20 мая 2021 | 424 | 0

«Баткен облусуна өзгөчө макам берүү» долбооруна 3 пунктту кошумча киргизүү зарыл. Мындай ою менен коомдук жана саясий ишмер Максатбек Дыйканов «Маралга» берген маегинде бөлүштү.

Анын айтымында, облус жетекчилигинин укуктарын күчтөнтүү үчүн ага вице-премьер-министр деген макамды берип, кадр, каражат маселесине кийлигишпеши керек.

«Ал жердеги бийлик качан күчтүү бийлик болот? Качан кадр маселеси менен каражатты кайда жумшоо маселесин өзү каалагандай чечүүгө уруксат болгондо. Облустун аймагындагы бир дагы кадр маселеси жогору жактан чечилбеши керек. Жетекчиге вице-премьер-министр деген макамды берүү керек. 

Экинчиден, мурда губернатордун фонду бар болчу. Зарыл учурда кыйналган үй-бүлөлөргө ошол фонддон жардам берчү. Ал жакта тез арада чече турган маселелер көп. Ошол үчүн жетиштүү каражат берип, аны өзү каалагандай жумшоого мүмкүнчүлүк берүү керек. 

Андан тышкары, губернаторго жерди трансформация кылганга уруксат берүү керек. Жөнөкөй жерге бир объект куруу, мисалы, аскердик объект куруу үчүн аны трансформация кылган кыйын процесске айланып калган. Мурда бул райондук деңгээлде чечилчү. Чек арадагы элдерге чек арадагы үлүш жерлерди, жайыт жерлерди огород түрүндө, тилке түрүндө берсек, элди ошол жактарга жайгаштырсак, тирүү калканч болуп калмак. Бул ишти мындан 20-30 жыл мурун кылганда бир топ жер талаш болмок эмес. Азыр деле кеч эмес», — дейт Дыйканов.

Ал ошондой эле облус жетекчилигине кандай адам келиши керектиги тууралуу ою менен бөлүштү.

«Биринчиден, экономика, башкаруу жаатында тажрыйбасы болушу керек, чек араны билиши керек. Ошол жерде иштеп-жашап жүргөн киши болсо, андан жакшы. Жергиликтүү элдин, кошуналардын менталитетин билиши керек, ансыз болбойт. Эл менен сүйлөшкөндү, эл менен иштегенди билүүсү зарыл. Чек аранын тарыхын билиши керек: мурда кандай чырлар чыгып келген, алар кандай чечилген, же эмнеге чечилбей калган?» — дейт ал.

Коомдук ишмер ошондой эле Кыргызстанда жылда өкмөт алмашып, өкмөт алмашкан сайын чек араны демаркация, делимитациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын курамы алмашып жатканын өкүнүү менен баса белгиледи.

«Кийинки келгендерде чек ара тууралуу маалымат жетиштүү болбой, билбей калышы мүмкүн. Ошол эле убакта тажик тарапта комиссиянын курамы өзгөрбөйт. Ал жакта жерди билгендер жүрөт», — деди Максатбек Дыйканов.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM