Биз менен байланышыңыз

Жыпариса Рысбекова Балдар укугу боюнча өкүл болду

Кыска кабар | 20 мая 2021 | 347 | 0

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Жыпариса Рысбекова Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Садыр Жапаров 5-майда кол койгон жаңы Конституцияда балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кызматы иш алып барары жазылган. Ал Президенттин аппаратынын бир түзүмү болуп саналат.

Ошондой эле Президенттин Жарлыгы менен:

— Айгүл Арипова Президенттин администрациясынын кеңсе башчысы, Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин, башка актыларды аткарууну көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы;

— Уланбек Усеков Президенттин администрациясынын кеңсе башчысынын орун басары, иш кагаздарын жүргүзүү, регламент жана жыйналыштарды уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM