Биз менен байланышыңыз

Жарым тонна маңзат: Транзиттик жолго айланган Кыргызстан

Коом , Саясат | 19 мая 2021 | 1865 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Ош облусунан 440 килограммдан ашык нашаа кармалганын билдирди. Бул фактыга шектелип, эки кыргыз жараны камакка алынды. Талдоочулар мындай аракет Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу болуп жатканын айтышууда. Ошол эле учурда ири маңзат каналын иштетүүгө тиешеси бар «эң башкы адамдар» аныктала элек. Адатта, ири көлөмдөгү баңгизатын укук коргоо органдарынын коштоосу жок чек арадан алып өтүү кыйын экени жашыруун деле эмес. 

Жарым тоннага жакын героинди Кыргызстан аркылуу Жакынкы Чыгыш, Европа өлкөлөрүнө ташып жүргөн ири эл аралык баңгизат каналына бөгөт коюлду. УКМК тараткан видеодо Ош облусунда оор жүк ташуучу унаа кармалып, анын ичинен 440 кг ашык нашаа табылганын көрүүгө болот.

Атайын кызмат кармалган маңзаттын базар баасы болжол менен 20 миллион доллардан  ашык сумманы түзөрүн билдирди.

Бул кылмышка шектүү катары 13-майда Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизиндеги сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген Кыргызстандын эки жараны кармалды.

Атайын кызмат учурда маңзат каналына тиешеси бар адамдарды аныктоо жана аларды жоопко тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүп жатканына ишендирди.

Мекеменин маалыматында, бул эл аралык каналды аныктоо иши узак убакыттан бери жүргүзүлүп келгени айтылат. Бирок эксперттердин пикири башкача. Коомдук ишмер Улукбек Маматаев бул ишти териштирүү менен көп былыктар ачыкталарына ишенет.

— Баңгизатын ташыган эл аралык канал көптөн бери иштеп келе жатса керек, муну айтпаса да баарына белгилүү. Болгону наркобизнесте жүргөндөр, көзөмөл кылгандар же ушул тармак боюнча аткезчилик кылгандар бири-бирин сатышты десек болот. Мен 90 пайыз ишенимдүү айта алам, булар бири-биринин бетин ачып жатышат. Мунун артында чоң саясат бар. Ишти териштирип жатканда биздин эле мамлекеттин эмес, башка мамлекеттин да чиновниктери, укук коргоо органдарында иштегендер бар экени аныкталат. Муну УКМК сөзсүз териштирип, элге маалымат бериши керек. Себеби мындай маңзат каналынын ишине бөгөт коюу, чынында, чоң олжо. 

Ооганстанда өндүрүлгөн нашаа Кыргызстан аркылуу Орусияга, андан ары Европа өлкөлөрүнө ташыларын адистер айтып келет. Тактап айтканда, Кыргызстан транзиттик өлкөгө айланган. Тажикстан менен чектешкен аймактардагы чек аралар жана бажы жайлары баңгизат көп айлангандыктан коррупциялашканы да жашыруун эмес.

Мындан бир ай мурун Ошто маңзат ташып саткан адамдарды калкалап жүргөн деген шек менен милиция жетекчиси кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, кармалган жетекчи Ош облусунун Кара-Суу районунда Ички иштер министрлигинин маңзаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматынын Ош боюнча бөлүм башчысы болгон. Аны менен катар дагы эки адам кармалган. Алар көптөн бери Ош шаарынын жана облусунун аймагында ири өлчөмдөгү баңгизат сатуу менен алектенип жүргөн деп шектелген.

Мындай фактылар дайыма болуп келерин ички иштер органдарында иштеген, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков да ырастайт.

— Чоң көлөмдөгү баңгизатын ташып эле жүрүшкөн. Керек болсо укук коргоо органдарынын кызматкерлери чек арадан өткөүүдө аларды дайыма коштоп жүрүшөт. Ансыз бир да партиядагы маңзатты алып өтүү тобокелчилигине барышпайт. Азыр кармалган эки кишинин артында сөзсүз «чоңдор» бар. Муну башка мамлекеттер да билет. Коңшу мамлекеттердин жетекчи адамдары менен байланышта болгон үчүн өткөрүп жүрүшкөн да. Эми ошол эл аралык маңзат каналынын башында тургандарды аныктаса, УКМК чынында чоң иш жасаган болот. Мен укук коргоо органдарында иштеп жүргөндө да, бул маселе менен көп күрөштүк. 

Кыргызстанда быйыл баңгизат ташуу эки эсеге өскөнү расмий органдардын маалыматында айтылат. Мамлекеттик бажы кызматы 2021-жылдын башынан бери эле баңгизат ташыган 30 учурду каттаган. Анын натыйжасында мыйзамсыз ташылган 100 килограммга жакын маңзат табылган.

Алар:

 — марихуана — 48 кг 304 гр 89 мг;

— гашиш — 45 кг 833 гр 25 мг;

— апийим — 2 гр 91 мг;

— психотроптук каражаттар — 450 гр.

Бажы кызматы тараткан маалыматка ылайык, бул сандар былтыркыга салыштырмалуу 57%га көп.

БУУнун 2020-жылдагы отчетунда дүйнө жүзүндө 35 миллион адам баңгизат колдонуудан жабыр тартканы айтылат. Болжол менен 200 миңден ашык адам нашаа тартуудан көз жумат.

Copyright © 2017 Maral FM