Биз менен байланышыңыз

«Газпром Кыргызстан» турак үйлөргө арзан баада газ киргизүү акциясын жарыялады

Кыска кабар | 19 мая 2021 | 792 | 0

«Газпром Кыргызстан» Чүй, Жалал-Абад, Ош, Баткен аймактарындагы турак үйлөргө арзан баада газ киргизип берүү акциясын жарыялады. Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, өнөктүк 31-августка чейин жүргүзүлөт.

Бул аралыкта компаниянын жумушчулары төмөнкү иштерди акысыз жасап берет:

Жумуштун түрү Акцияга чейинки баа Акция боюнча баа
Жеке сектордогу турак үйлөр үчүн техникалык шарттарды берүү 2962 0 сом
Жеке сектордогу турак үйлөр үчүн тышкы газ өткөргүчтөрдүн эскиздик чиймесин макулдашуу 704,48 0 сом
Жеке сектордогу турак үйлөр үчүн ички газ өткөргүчтөрдүн эскиздик чиймесин макулдашуу 141,12 0 сом
Техникалык документтерди кабыл алуу, каттоо, газ шаймандарынын иш жүзүндө орнотулушунун долбоорго дал келүүсүн текшерүү; жеке сектордогу турак үйдүн биринчи газ шаймандарын ишке киргизүү жана тууралоо иштери (контролдук кысуудан өткөрүү) 208,32 0 сом
Жеке сектордогу турак үйдүн кийинки ар бир газ шаймандарын ишке киргизүү жана тууралуу иштери 82,88 0 сом
Жеке сектордогу турак үйлөрдүн турмуш-тиричилик шартындагы колдонуучуларын газга кошуу 1247,68 0 сом
Жаңы газдаштыруудагы жеке сектордун турак үйүнө биринчи жолку газды кое берүү 389,76 0 сом

Белгилүү болгондой, бул учурда ар бир абоненттин ээси жалпысынан алганда 3 миңден 5 миң сомго чейин үнөмдөп кала алат. Акцияга катышуу үчүн жогоруда айтылган облустун тургундары «Газпром Кыргызстан» компаниясынын жакыныраак жайгашкан калкты тейлөө борборлоруна, аймактык филиалдарына же GAZPROM.KG мобилдик тиркемесине билдирүү таштап коюу керек.

Кеңири маалыматты жана башка акцияларды мекенин сайтынан алууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM