Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Оору жугузгандар 101 миңден ашып, көз жумгандар 2 миңге чамалады

Кыска кабар | 19 мая 2021 | 306 | 0

19-майга карата 253 адамдын COVID-19 илдетин жугузуп алганы аныкталды. Аймактар боюнча алганда, Бишкек шаарында — 120, Ош шаарында — 8, Чүй облусунда — 84, Ош облусунда — 4, Нарын облусунда — 5, Ысык-Көл облусунда — 25, Жалал-Абад облусунда — 7 адам коронавируска кабылган.

Акыркы суткада 7 адам, Бишкек шаарынан — 2, Чүй облусунан — 3, Талас облусунан — 1, Ысык-Көл облусунан — 1 бейтап коронавирустан каза тапты.

Ошол эле учурда соңку суткага карата 315 бейтап сакайды. Тагыраагы, Бишкек шаарынан — 174, Ош шаарынан — 16, Чүй облусунан — 73, Ош облусунан — 5, Нарын облусунан — 11, Ысык-Көл облусунан — 26, Жалал-Абад облусунан – 10 бейтап илдетти жеңип чыккан.

Учурда стационарларда 1569, үй шартында 2427 бейтап дарыланып жатат.

Пандемия башталгандан бери 101 миң 219 адам коронавируска чалдыгып, анын ичинен 94 миң 483 адам сакайып чыкса, 1725 бейтап көз жумган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM