Биз менен байланышыңыз

Оор атлетчи өспүрүмдөр Өзбекстандагы Дүйнө чемпионатына катышат

Кыска кабар , Спорт | 19 мая 2021 | 1051 | 0

21-майдан 31-майга чейин Өзбекстандын Ташкент шаарында оор атлетика боюнча өспүрүмдөр арасында Дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Аталган мелдешке Кыргызстан курамасынан 61 кг салмактагы Эльзар Таиров, 67 кг салмактагы Ишимбек Муратбек уулу улук машыктыруучу Элдияр Шатмановдун жетекчилиги астында барышат.

Белгилей кетсек, оор атлетчилер Ташкент шаарындагы «Юнусабад» спорт комплексинде өтө турган чемпионатка Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын эсебинен жөнөтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM