Биз менен байланышыңыз

Маданият министрлиги Баткенге 3 млн 846 миң 500 сом которду

Кыска кабар | 19 мая 2021 | 376 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Баткен облусуна 3 млн 846 миң 500 сом которду. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Баткендеги чек арадагы куралдуу кол салуудан жабыркаган жарандарга жардам берүү максатында министрликтин эмгек жамааты, ага караштуу бардык маданий, маалыматтык, спорттук мекемелердин кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын которгон.

Чечим кыйын кырдаалда колдоо көрсөтүү, элдин ынтымактын сактоо жана бекемдөө үчүн кабыл алынганы айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM