Биз менен байланышыңыз

Таэквондочулар Олимпиадага жолдомо алуу үчүн Иорданияга жөнөп кетишти

Кыска кабар , Спорт | 19 мая 2021 | 960 | 0

21-22-май күндөрү Иорданиянын Амман шаарында WTF таэквондо боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Беттештин алкагында Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына тандап алуу жүрөт. Ага ылайык, WTF таэквондо боюнча Кыргызстан курама командасынан 58 кг салмактагы спорт чебери Марат Ниязов жана 80 кг салмактагы спорт чебери Акбар Айтахунов улук машыктыруучу Валерий Тендин жетекчилиги астында жөнөп кетишти.

Белгилей кетсек, курама команда Амман шаарына Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын эсебинен барышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM