Биз менен байланышыңыз

Момбеков: «Кумтөрдөгү» алтындардын «кумга сиңип кетишине» эки эле келишим себеп болгон

Кыска кабар | 17 мая 2021 | 704 | 0

«Кумтөрдүн» алтындарынын «кумга сиңип кетишине» эки эле келишим себеп болгон. Аны бурмалап, элдин башын айландырбай, так айтуу керек. Мындай пикирин депутат Рыскелди Момбеков парламенттин 17-майдагы кезексиз жыйынында айтып чыкты.

Алар: 2003-жылы кабыл алынган инвестициялык келишим, 2009-жылы кабыл алынган концессиялык чечим.

Момбеков «Кумтөр» кенин иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусунда алабарман чечимдер бар экенин айтты. Мисалы, 2020-жылдын октябрь айында келген бийликти гана актап, ага чейинкилеринин баарын чыккынчыга теңеп коюу аша чапкандык болуп эсептелет. Чыккынчылык аракети болсо, аны сот чечиши керек.

Депутат мамлекетке кыянат кылган жетекчилер деп 2009-жылы Өкмөттө жана Жогорку Кеңеште отургандарды айтса болорун кошумчалады.

«Токтомдо 2020-жылы октябрь айындагы келген бийликти актап, калгандарын чыккынчы катары сыпаттап салдык. Чыккынчы деп да атап салдык. Мен ошого нааразымын. Акаев да, Бакиев да, Жээнбеков да «Кумтөр» боюнча келишим кабыл алууда мамлекетке чыккынчылык кылган болсо, аларга кызмат кылган адамдардын баары ушул жерде отурат да. Эмне үчүн Акылбек Үсөнбекович мурдагы президенттерге чыккынчысыз деп убагында айткан эмес? Эң негизги чыккынчылар 2009-жылы концессиялык келишим кабыл алгандар деп айтат элем. Ошондо «Кумтөргө» кулдук уруп, Конституциялык соттун чечими менен бекитип бергенбиз. Андан кийин келген бийликтер ал Конституциялык соттун чечимин буза алмак эмес. Ал эми кечээки Октябрь райондук сотунун чечимин Арбитраждык сот кабыл албайт. 5 миллиард долларга жакын доону коюп жатабыз. Мен ушул акчаларды өндүрүп аларыбызга ишенбейм. Өндүрүп, Кытайдын карызынан кутулуп алсак жакшы болмок. Бирок мунун баары жомок», — деди Момбеков.

Рыскелди Момбеков «Кумтөрдү» улутташтыруу гана туура болорун, андан башка жол ишке ашпай турганын айтууда.

Ошондой эле кенди иликтеген мамлекеттик комиссиянын ишин күзгө чейин узартуу менен, сүйлөшүүлөргө мүмкүнчүлүк берилип каларын эскертти.

«Эгер биз утабыз десек, улутташтырууга барышыбыз керек. Азыр фейктер мени «төө бастыга» алышы мүмкүн. Бирок биз бүгүн азыркы токтом менен Садыр Жапаровдун алдына «аппак пахтаны» алып баратабыз, ошол пахтанын алдына жай жарыла турган мина коюп жатабыз. Бул долбоор — азыркы президентти аңга түртө турган долбоор, бул менин жеке пикирим», — деди Момбеков.

Жогорку Кеңеш ушул тапта «Кумтөрдүн» айланасындагы маселелерди талкуулап жатат. Анда кенге байланыштуу түзүлгөн мамлекеттик комиссия маалымат берди. Депутаттар комиссиянын мүчөлөрүнө суроолорду берип жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM