Биз менен байланышыңыз

«Кумтөр» боюнча шашылыш кадамдар «Центерраны» курмандык катары көрсөтөт»

Кыска кабар , Пикирлер | 17 мая 2021 | 1020 | 0

Коомчулукта «Кумтөр» боюнча чечимдер шашылыш кабыл алынгандай таасир жаралып калды. Мындай пикирин Тоо-кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында,  улутташтыруу, сырттан башкаруу суроолору коюлуп жатканда, өкмөт  бул маселе боюнча жакшы материалдарды таратуу менен коомчулукту даярдап туруп, анан ишти мыйзамдуу түрдө алып кетсек жакшы болмок.

«Азыркы шашылыш чечимдер менен биз дүйнө коомчулугунун алдында «Центерра» тарапты курмандыкка айланткандай болуп калдык. Андай болбошу керек эле. Биз коомчулукту буга даярдап, ушунча жылдан бери пайда болгон көйгөйлүү маселелерди чечели деп гана жатканыбызды, жаман оюбуз жок экенин жеткиришибиз керек эле. «Центеррага»: «Компанияны тартып алалы деген оюбуз жок, бирок соттун чечими боюнча экологияга байланыштуу 261,7 млрд сомду карап көргүлө, камсыздандыруу мүчө төгүмү боюнча чыккан соттун чечимин аткаргыла», — десек болмок», — дейт Камчыбеков.

Ал мындай шашылыш жасалган иштер акциялардын баасынын төмөндөп кетүүсүнө алып келгенин кошумчады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM