Биз менен байланышыңыз

Парламент «Кумтөр» маселесин талкуулай баштады

Кыска кабар | 17 мая 2021 | 524 | 0

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин депутаттары «Кумтөрдүн» ишмердигин иликтеп жаткан мамлекеттик комиссиянын отчетун угуп жатат. Анда комиссия төрагасы, депутат Акылбек Жапаров маалымат берүүдө.

Парламент жыйынына ошондой эле Министрлер кабинетинин мүчөлөрү да катышууда.

Бүгүн парламентке президент Садыр Жапаровдун да келери айтылган.

12-майда «Кумтөрдүн» ишмердигин иликтеп жаткан мамлекеттик комиссия Канаданын «Кумтөр Голд» ишканасы Кыргызстанга 4 миллиард 952 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экени аныкталганын билдирген.

Ошондой эле «Кумтөр Голд» компаниясынын чет элдик жетекчилери, жумушчулары Кыргызстандан  чыгып кеткени белгилүү болгон.

Бишкектин райондук соту «Кумтөр Голд Компани» ишканасын келтирилген зыяндары үчүн 3 млрд доллар өлчөмүндө айыпка жыккан. Ага чейин Кыргызстанда «Кумтөр» алтын кенине сырттан башкаруу киргизиле турган мыйзам долбоору кабыл алынды.

15-майда «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын Бишкектеги кеңсесине тинтүү жүргүзүлгөнү айтылды.

16-майда «Кумтөр» кенин иштеткен канадалык «Центерра Голд» компаниясы (Centerra Gold Inc) Кыргыз Өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялады.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстан «Kумтөр Голд Компани» ишканасын мамлекетке өткөрүү менен эл аралык өнөктөштөрүнүн жана чет элдик инвесторлордун алдындагы милдеттенмелерин аткаруусунда шек жаралышы мүмкүн деп билдирген. Банк тараткан маалыматта бул аракет инвесторлордун келүүсүнө да таасир этери ыктымал экени айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM