Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Акыркы суткада 329 адамга илдет жугуп, 6 адам каза тапты

Кыска кабар | 13 мая 2021 | 422 | 0

COVID-19 боюнча республикалык штаб 13-майга карата 329 адам коронавирус жугузуп алганын кабарлады.

Аймактар боюнча алганда, Бишкек шаарында – 205; Ош шаарында – 9; Чүй облусунда – 75; Ош облусунда – 3; Талас облусунда – 2; Нарын облусунда – 5; Ысык-Көл облусунда – 18; Жалал-Абад облусунда – 9; Баткен облусунда – 3 адамдан илдет табылган.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12, анын ичинен Бишкек шаарында – 6; Чүй облусунда – 3; Ысык-Көл облусунда – 3 медкызматкер коронавируска чалдыккан. Ошол эле учурда 9 медкызматкер айыгып чыккан. Муну менен медкызматкерлер арасында оору жугузгандардын саны 4 миң 523кө жетип, алардын 4 миң 455и сакайып чыккан.

Акыркы суткага карата коронавирус илдетинен Бишкек шаарында 5 адам, Чүй облусунан 1 адам көз жумду.

Ал эми бир сутка ичинде Бишкек шаарынан – 176; Ош шаарынан – 3; Чүй облусунан – 86; Ош облусунан – 9; Нарын облусунан – 7; Ысык-Көл облусунан – 24; Баткен облусунан – 4 бейтап, жалпы өлкө боюнча 309 бейтап илдеттен сакайып чыкты.

Учурда стационарларда – 1 миң 750, үй шартында – 2 миң 489 бейтап дарыланып жатат.

Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча 99 миң 645 адам илдет жугузуп, мунун ичинен 92 миң 718 бейтап ооруну жеңип чыгып, 1 миң 681 адам көз жумду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM