Биз менен байланышыңыз

Францияга Кыргызстандын элчилиги ачылды

Кыска кабар , Саясат | 13 мая 2021 | 2218 | 0

Резиденциясы Белгьгияда жайгашкан Кыргызстандын Франциядагы элчиси Муктар Жумалиев менен Франция Тышкы иштер министрлигинин Континенталдык Европа департаментинин директору Фредерик Мондолони жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө күн тартибиндеги эки тараптуу маселелер, анын ичинде алдыдагы биргелешкен тышкы саясий иш-чаралар талкууланды.

Кыргыз тарап Кыргызстандын Франциядагы элчилигин расмий ачылганын маалымдады.

Аймактык коопсуздук маселелерине токтолуп, Фредерик Мондолони кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кайгылуу окуяларга байланыштуу көңүл айтты. Тараптар жакынкы аралыкта эки тараптуу саясий консультацияларды өткөрүүнү макулдашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM