Жаныбек Орозалиев Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык фонддун төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.
Жаныбек Орозалиев 2019-жылдан бери «Электр станциялар» Ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү, андан тышкары «Демилге Проект» коомдук бирикмесинин директору. 2018-жылы Социалдык фонддук Свердлов райондук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.