Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Орозо айт намазы мечиттерде окулду

Кыска кабар | 13 мая 2021 | 201 | 0

Бүгүн, 13-майда Бишкек шаарындагы Имам Сарахси атындагы башкы мечитте миңдеген шаар тургундарынын жана конокторунун катышуусунда Орозо айт намазы санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, аралыкты сактоо менен окулду.

Намаз окууга келгендер таңкы саат 6:30дан тарта чогулуп, 7:15де намаз окулду.

Майрамдын урматына Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазиев, Муфтияттын аппарат башчысы Равшан ажы Эратов «Диний баалуулуктар», «Орозо айттын пазилеттери» темасында баяндама жасашты.

Ушундай эле айт намазы өлкөнүн бардык мечиттеринде санитардык эрежелерди сактоо менен окулду.

Абибилла ажы Кадырбердиев

Равшан ажы Эратов

Жоробай ажы Шергазиев

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM