Биз менен байланышыңыз

«Тажик айдоочуларынын кыргыз милициясына да, элине да доосу жок»

Кыска кабар | 13 мая 2021 | 957 | 0

Кыргызстандын Акыйкатчы аппараты 11-апрелде Тажикстандын оор жүк ташуучу унааларынын кыргыздар тарабынан кармалышы боюнча ишти иликтеп чыгып, укуктук баа берүүнү облустук өкүлчүлүккө тапшырган. Чек арада унаасы токтотулган Тажикстан айдоочуларынын кыргыз милициясына да, элине да эч кандай доосу жок экенин айтышканын Акыйкатчы аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

«12-май күнү таңкы саат 6:30дар чамасында Акыйкатчынын өкүлү Баткен шаарынын топ-база кампасына барган. Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы полкунун аскерлери оор жүк ташуучу үч автоунааны кайтарып турган, ал маалда айдоочулар ордунда жок болгон.

Саат 08:40 чендерде Баткен ШИИБнин начальниги жана облустук ИИБнин кызматкерлери келишти. Алардан кийин төрт айдоочу келди. Алар Тажик Республикасынын Хатлон облусунун тургуну Мадиев Гуломжан, Душанбе шаарынын Рудаки районунун тургундары Эрданаев Шавкат, Тагаев Абдулло, Тошматов Рустам болгон. Булардын ар бири менен сүйлөшүүлөр жүрдү. Төртөө тең милиция кызматкерлерине жана Кыргыз Республикасынын жарандарына арыз, доосу жоктугун билдиришти. Төртөө тең орозо тутуп жаткандыктан, Баткен ШИИБнин кызматкерлери эртең мененки саарлыкты жана кечки ифтарлыкты бериптир», — деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, айдоочулар эски үй-тиричилик буюмдарды Санкт-Петербург шаарынан Тажикстанга алып баратышкан. 20-апрелде Казакстандан Кыргызстанга Талас облусу аркылуу киришкен.

Учурда бул иш боюнча Баткен ОИИБнун жана ШИИБнин кызматкерлери текшерүү иштерин жүргүзүп жатышканы, акыйкатчы аппараты да бул маселеге укуктук көзөмөл жүргүзөрү кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM