Биз менен байланышыңыз

Бишкекте беш бала бакча карантинге жабылды

Кыска кабар | 12 мая 2021 | 475 | 0

Бишкекте беш муниципалдык бала бакча карантинге жабылды. Бул тууралуу брифингде Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын административдик бөлүмүнүн адиси Чынара Исакова кабарлады.

Учурда бала бакча кызматкерлеринин арасынан коронавирустук инфекция аныкталып жатат. Жалпысынан 6 тарбиячы ооруп жатканы айтылды.

Муниципалитеттин балансында 89 мектепке чейинки билим берүү мекемеси бар.

Кыргызстанда 12-майга карата дагы 283 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Анын 158и Бишкекте катталды. Өлкөдө пандемия башталгандан бери 99 миң 316 адамга коронавирус жукту. Анын 1675и көз жумган, илдеттен сакайгандар жалпы 92 миң 409 киши.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM