Быйыл Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата Чоң-Кемин районунун Тар-Суу айылында «Ата-бабаларды эскерүү» аянтчасы ачылды. Бул тууралуу Чоң-Кемин айылдык кеңешинин төрагасы Адилет Жумабеков «Маралга» билдирди.
Жумабековдун айтымында, буга чейин бардык жердеги мемориалдык эстеликтерде Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун гана аты-жөндөрү жазылып келген. Бирок согуштан кайтып келип, өлкөнүн өнүгүсүүнө салымын кошкондордун аты-жөнү айтылчу эмес. Бул аянтчаны курууда ушул маселелер да эске алынып, эстеликтердин биринде согуштан кайтып келгендердин ысымдары, ал эми экинчи эстеликте согуштан курман болгондордун ысымдары жазылды.
«Ал жерде аскердик техника орнотулган. Тагыраагы, чоң танк бар. Ал танкты биз Кыргызстандын Коргоо иштери боюнча атайын комитетинин төрагасы менен макулдашуулар аркылуу алганбыз. Мыйзам чегинде аны алууга расмий уруксат берилген. Бул танк эскирип, колдонууга жарабай калган. Ошондой эле дагы башка майда аскердик техника орун алган. Андан кийин курман болгондордун жана согуштан кайтып келгендердин ысымдары төрт эстеликке бөлүнүп жазылган. Мындан сырткары жылдызча өчпөс от орнотулган», — деди Жумабеков.
«Ата-бабаларды эскерүү» аянтчасы жергиликтүү элдин көмөгү менен ишке ашырылды.
14 пикир