Биз менен байланышыңыз

Свердлов районунун акими: Мыйзамсыз үйлөрдүн көйгөйүн чечкенге кызыкдарбыз

Кыска кабар , Пикирлер | 11 мая 2021 | 440 | 0

Бишкектин Свердлов районунда 4 миңге жакын мыйзамсыз турак үйлөр бар. Бул тууралуу Свердлов районунун акими Мурат Осмонов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кээ бир үйлөр чоң чыңалуудагы электр чубалгыларынын алдына, же газ түтүктөрүнүн үстүнө салынып калган. Кээси каналдардын жээгине жакын салынып калган үчүн документ берилбей калган. Айрым конуштар «жаңы конуш» макамын албай калгандыктан, жашоочулары үйлөрүнө документ ала албай келишет.

«Мыйзамсыз турак үйлөрдө жашап жаткан жарандар бизди түшүнүп кабыл алып, көйгөйлөрүнүн бирин айтса, бирин айтпайт. Алар үйүнүн документи жоктугунан каттоого тура алышпайт.  Мамлекеттик кызматтарды толугу менен ала албайт. Балдарын мектепке киргизе албайт. Мунун баары — убактылуу. Биз бул үйлөрдүн көйгөйүн жакын арада четинен чечкенге кызыкдарбыз. Жаңы мыйзамдар жазылып, турак үйлөрү мыйзамдаштырылса, документтерин толуктап, мамлекеттик кызматтарды толук кандуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлөт», -дейт аким.

Документи жок турак үйлөр Бишкектин Сүйүнбаев көчөсү менен Төкөлдөштө да бар. Архитектуралык документтерде ал жер «жашыл зона» деп берилген.

«Ал жакта баш-аягы 380ге жакын үй бар. Тургундар менен жолукканда, «түрттүрүп салыш керек» деген ойлорун айтышкан. Бул үйлөр боюнча акты түзүлүп, бүт документтер мэрияга тапшырылган. Эми Бишкек шаардык кеңештин жаңы курамынын келишин күтүп жатабыз. Алар туруктуу комиссия түзүп, карап чыгышы керек. Анан өйдө жакка жөнөтүлөт», -деди Осмонов.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM