Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад шаарында лөлү тектүүлөргө рейд жүрдү

Кыска кабар | 11 мая 2021 | 539 | 0

Бүгүн 11-майда Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн демилгеси менен шаардагы лөлү тектүүлөргө «Кайырчы» аталышындагы рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу облустук администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Рейддин түпкү максаты калаа тургундарына ыңгайсыздык жаратып, коомдук жайларда тилемчилик кылгандарга чара көрүү болгон. Буга байланыштуу лөлүлөр байырлаган аймактарынан шаардык ИИБге жеткирилген. Алардын өздүгү такталып, жашаган жерлериндеги квартал башчыларга сунуштар жөнөтүлдү.

Жалал-Абад шаарында жалпысынан 20 ата-эне жаш баласы менен тилемчилик кылары аныкталган. Алардын ичинен бешөө Өзбекстандан келгени маалым болду.

Бул боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM