Биз менен байланышыңыз

«Кыргыздын Мессиси» Гүлжигит тууралуу тасма тартылды (видео)

Кыска кабар , Спорт | 11 мая 2021 | 1278 | 0

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов тууралуу даректүү тасма тартылды. Аны Гүлжигит ойногон Алматынын «Кайрат» футболдук клубу тартты.

Гүлжигит Алыкуловду мыкты дриблинги жана ылдамдыгы үчүн «Кыргыздын Мессиси» деп атап коюшат.

Гүлжигит дайыма Европа футболунда ойноону максат кылганын, ал үчүн көп иштегенин айтат. Ал  16-17 жашында Түркияда «Антальяспордо» ойногон. Анда жакшы тажрыйба чогултуп келип, Бишкектеги «Кара-Балта» жана «Алга» командаларында ойногон.

«Менин үй-бүлөм — чыгармачыл адамдар. Атам куудул эле, агам алып баруучу, шоумен. Атам концерт берип, элге күлкү тартуулап жүргөндө, «Шорпо» деген ырына бийлеп калчу элем. Ошол күндөрдү эстеп кайгырып алам, атамды сагынам. Бирок апам, бир туугандарым дайыма колдоп турушат, маанайымды көтөрүшөт, мен аларга ыраазымын», — дейт Гүлжигит.

«Кайрат» командасынын башкы машыктыруучусу Алексей Шпилевский Гүлжигитти алгач «Неманда» ойноп жүргөндө байкаган. Бир нече сүйлөшүүлөрдөн кийин Европада ойноону каалаганына карабастан, Алыкулов Казакстанда калган.

20 жаштагы Гүлжигит Алыкулов быйыл апрель айында Алматынын «Кайрат» клубу менен келишимин узартты. Жаңы келишимге ылайык, футболчу казакстандык командада 2023-жылдын аягына чейин ойнойт.

Алыкулов «Кайрат» клубуна 2020-жылы беларустук «Неман» клубунан өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM