Биз менен байланышыңыз

Журналист Мирбек Кожоев Ысык-Көл облусуна жетекчи болду

Кыска кабар | 11 мая 2021 | 581 | 0

Бүгүн, 11-майда Министрлер кабинетинин Ысык-Көл облусунундагы өкүлү Элчибек Жантаев кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Улукбек Марипов кол койгонун Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун дагы бир буйругу менен Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мирбек Кожоев дайындалды.

Мирбек Кожоев буга чейин КТРКда журналист, Президенттин аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу инспектордук иш бөлүмүнүн башчысынын орун басары – мониторинг секторунун башчысы кызматтарында иштеген.

Ал эми Элчибек Жантаев Айыл, токой жана суу чарба министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.

Элчибек Жантаев

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM