Бүгүн, 11-майда Министрлер кабинетинин Ысык-Көл облусунундагы өкүлү Элчибек Жантаев кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Улукбек Марипов кол койгонун Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун дагы бир буйругу менен Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мирбек Кожоев дайындалды.
Мирбек Кожоев буга чейин КТРКда журналист, Президенттин аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу инспектордук иш бөлүмүнүн башчысынын орун басары – мониторинг секторунун башчысы кызматтарында иштеген.
Ал эми Элчибек Жантаев Айыл, токой жана суу чарба министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.