Биз менен байланышыңыз

АКШ аскердик базасынын Борбордук Азиядагы орду

Саясат | 11 мая 2021 | 2430 | 0

Америка менен НАТО аскерлерин Ооганстандан ушул жылдын 11-сентябрына чейин чыгарып кетиши керек. Ага ылайык, АКШ Ооганстандын расмий бийлигине бир нече миллард доллар бөлгөн. Америка Ооганстандан аскерлерин чыгаруу үчүн Борбор Азиядан база издеп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы айтылууда. Анын ичинде чек арага жакын жана ыңгайлуу болгондуктан, Өзбекстан менен Тажикстан каралып жатканы маалымдалды. Американын аскердик базасынын Орто Азия өлкөлөрү үчүн мааниси кандай, орун алмаштыруусунан эмне өзгөрөт? Ошол эле учурда аскердик базаны Кыргызстанга жайгаштыруу каралышы мүмкүнбү? Алдыда кененирээк токтолобуз.

2001-жылы Кыргызстандын «Ганси» авиабазасына АКШнын аскердик базасы көчүп келип, 2014-жылы өлкөдөн чыгарылды. АКШга удаа эле Кант шаарына Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ), тагыраагы, Орусиянын да аскердик базасы жайгашты.

2014-жылы ЖККУ «Уюмга мүчө болгон өлкөлөрдүн башка мамлекеттердин аскердик базасын киргизүүсүнө уруксат берилбейт» деген устав кабыл алган. Ага ылайык, АКШ аскердик базасынын Кыргызстанга же Тажикстанга кирүүсү мүмкүн эмес. Аскердик базаларды алып кирүү үчүн ЖККУдан, тагыраагы, Орусиядан уруксат алышы керек.

Ошол эле учурда аскердик базаны Өзбекстан да кабыл албай турганы маалым болду. Өлкөнүн Коргоо министрлиги аларга уруксат берүү Өзбекстан Республикасынын Конституциясына жана коргонуу доктринасына карама-каршы келе турганын билдирди.

Бирок дүйнө жүзүндөгү абал, экономикалык кризис жана экстремисттик-террордук кыймылдардын күчөшүнө байланыштуу Орто Азиядагы мамлекеттер АКШ менен кандайдыр бир шартка баруусу мүмкүн экенин коопсуздук боюнча талдоочу, генерал Артур Медетбеков билдирди.

Анын айтымында, учурда Орусия менен Кытай бул маселеге өтө кылдат көз салып турат.

«Кыргызстанга Америка менен НАТОнун аскердик базасы келишимдин негизинде келиши мүмкүн эмес. Себеби өлкө бүгүнкү күндө толугу менен ошол келишимди аткарып жатат. Менимче, Өзбекстандын киргизбешинин себеби акыркы убакта Кытай менен экономикалык алаканы күчөтүп жатат. Ошондой эле акыркы убакта Кытай менен Американын катышы солгундап, карама-каршылык күчөгөн. Кытай менен болгон алаканы бузуп албашы үчүн Өзбекстан андай кадамга барбайт болушу керек. Ооганстандан чыккан АКШ менен НАТОнун базасы Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, Катар менен Румынияга толуктап алып кетиши мүмкүн. Бирок Орто Азия өлкөлөрүндө болушу өтө татаал. 100% кепилдикти азырынча эч ким бере албайт. Геосаясаттын, Орто Азиядагы кыймылдын жана жагдайдын шартына байланыштуу кээ бир мамлекеттин башчылары мамилелерин өзгөртүп жибериши да мүмкүн. Буга мындан сырткары Пакистан, Түркия мамлекети да түшүнүп, өздөрүнө кабыл алышы мүмкүн. НАТОго кирген көп мамлекет бар, ошолордун Жакынкы Чыгышта, Борбордук Азияда жайгашкан бирине киргизиши ыктымал». 

Орто Азияда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун базасы болгондуктан башка аскердик базалардын болушу тирешүүгө алып келип, ортодо майда мамлекеттерге зыяны тийип калышы мүмкүн. Мындай пикирин коомдук ишмер Максатбек Дыйканов билдирди.

«Ооганстанда Американын базасы турганда бир аз коопсуз болуп турган. Эми Америка чыгып кеткенден кийин чек арага, өзгөчө Тажикстандын чек арасына бир аз кооптуу болуп жатпайбы? Ошого Орусия ал жерде күчүн бекемдеп, курал бергени да ошондон. Эми баары бир Орто Азияга терс таасири тийиши мүмкүн. Ошондуктан Орто Азия мамлекеттери ынтымактуу болушубуз керек. ЖККУга киргенден кийин Тажикстан бизге кол салгандай маселени жок кылуу керек. Мындан ары мындай нерселер болбошу керек. Жалпы Орто Азияда мамлекеттердин ортосундагы мамиле жакшырып, экономикалык жактан байланышты күчөтүү керек». 

Ал эми саясатчы Равшан Жээнбеков Американын аскердик базасын киргизүү азыркы социалдык-экономикалык оор абалда, саясий, инвестициялык жана каржы жагынан чоң мүмкүнчүлүк деп эсептейт.

Анын билдиришинче, Кыргызстан ЖККУдан чыга албайт, бирок Орусияны макул кылууга дипломатиялык жолдор бар.

«Дүйнөнүн баарында АКШ базасынын мамлекетке келиши аябагандай маанилүү көрсөткүч болуп эсептелет. Бул — экономика, маданият, өлкөнүн өнүгүшү үчүн жакшы көрсөткүч. Мисалы, Польшада, Японияда, Кореяда, Германияда канчалаган жылдар бою турат. Аталган мамлекеттерге ал базалар экономикалык өнүгүүдөн башка эч нерсе алып келген жок. Бизге келсе жакшы болмок, ал биздин бийликтин каалоосунан көз каранды. Эгерде биздин өкмөт каалап киргизе ала турганын айтып чакырса, менимче, алар сүйлөшүүдөн качпайт». 

АКШнын аскердик базасы чыгып кетери менен Ооганстанда дагы бир согуш болуп кетиши мүмкүн экенин дүйнөлүк эксперттер болжолдойт. Талибдер, талаа командирлери, «Ислам мамлекети» террордук уюмдары Ооганстан расмий бийлигин басып алууга жана жоготууга аракет кылышы толук ыктымал. Себеби Советтер Союзу аскерлерин чыгарып кеткен 1988-1989-жылдардан кийин Ооганстанда кайрадан тиреш күчөп, 1996-жылы «Талибан» кыймылы президент Мохаммад Нажибулланы өлтүрүп, бийликти толук басып алган.

Copyright © 2017 Maral FM